Чүй облустук сотунун төрагасы Есекеев Керезбек Чүй облусунун райондук сотторунун төрагалары менен жолугушуп, аларды өзүнүн орун басарларына жана Сот департаментинин директору У.Кожомбердиевге, Чүй облустук сотунун башкармалыгынын башчысына тааныштырды. Сот департаменти, Сейитказиев Д. Биз иштердин талаптагыдай аткарылышы, аларды кароо мөөнөттөрү жана процесстик нормалардын сакталышы боюнча маселелерди талкууладык. Өзүнчө сот өндүрүшүн санариптештирүү маселеси – сот процесстерин «Аис суд» жана «Аудио-видеофиксациялоо» системасы каралды. Чүй облустук сотунун төрагасынын кылмыш иштери боюнча орун басары – У.Калыбеков аудио-видео жазууга токтолду – бардык соттук отурумдар АВФ системасы аркылуу жазылышы керек экенин белгиледи. Мындан тышкары, Чүй облусунун сотторунун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу темасы көтөрүлдү – Чүй облусунун сотторунун төрагалары жер-жерлерде көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.
Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байгазинов Б.