Токмок шаардык сотунун кызматкерлери жанаша жайгашкан аймакта жана соттун имараттарында ишембилик өткөрүштү. Газондордон, гүлзарлардан таштандылар жыйналып, тосмолор сырдалып, чек аралары акталды. Бакчадагы бак-дарактар акталган. Соттун имаратында жалпы тазалоо иштери жүргүзүлдү – терезелер, эшиктер жана полдор жуулду.
Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байгазинов Б.