Бүгүн, 2022-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында “Бакай Банк Жаз деми — 2022” жазгы жарышы болуп өттү. Жарыштын максаты – спортту жана сергек жашоого үндөө. Катышуучулардын бири Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Керимкулов Илияс Саматбекович болду. Ал катышып гана тим болбостон, ансыз деле урмат-сыйга татыктуу болду, жарыштын аягына чыгып, 21 чакырымды чуркап өтүп финиш медалын алды. Уланта бер!
Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байгазинов Б.