KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Райондук соттордун судьяларынын катышуусунда жыйын

17 февраля 2023

2023-жылдын 17-февралында Чүй облустук сотунда Чүй облусунун райондук сотторунун судьяларынын катышуусунда жыйын болуп өттү.


Чүй облустук сотунун 2022-жылга карата аткарган иштеринин жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөргө Чүй облустук сотунун төрагасы К.Есекеев токтолду. Ал соттордун сын-пикирлерин жана сунуштарын укту. Ошондой эле, Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары райондук соттордун биргелешкен ишинин максаттарын белгилешти.


Жыйындын мындай форматы көйгөйлөрдү аныктоодо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөдө жакшы натыйжаларды берди. Мындай жолугушууларды мезгил-мезгили менен өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.