KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чуй облусунун жергиликтуу сотторунун 2023-жылга карата жыйынтыктоочу кенешме откорулду.

14 февраля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 14-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме видеоконференц байланыш аркылуу өткөрүлдү


Онлайн жыйынга  Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, ошондой эле Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеев, , жергиликтүү соттордун төрагалары  катышышты.


Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Улукбек Калыбеков, Ирина Горшковская, Жыргал Мурзалиева биринчи инстанциядагы соттордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, судьялар тарабынан сот иштерин кароонун сапаты тууралуу маалыматтар жана судьяларга жүктөлгөн жүктөм менен тааныштырды. Ошондой эле иштерди кароодо пайда болгон маселелер талкууланып, биринчи инстанциядагы соттордун апелляциялык тартипте каралган сот актыларын жокко чыгаруунун жана өзгөртүүнүн негиздери айтылды.


2023-жылдын статистикалык отчетуна ылайык Чүй облусунун жергиликтʏʏ соттору 36 186 иш каралган,  2022-жылга салыштырмалуу 2419 ишке же 7,16% пайызга көбөйгөн, ал эми былтыркы  2022-жылдын отчеттук мезгилинде 33 767  ишти тʏзгɵн.


Апелляциялык тартипте 2023-жылы 2654 иш даттанылган, былтыркы жылга салыштырмалуу 630 ишке  же 31,12 %  пайызга көбөйгөн (2022ж. –  2024 иш).


Апелляциялык тартипте даттанылган иштердин сапаты боюнча 1673 соттук акты күчүндө калтырылган, жокко чыгарылганы 682, ал эми өзгөртүлгөн соттук актылардын саны 259 түзгөн.


Чүй облусунун биринчи жана апелляциялык инстанцияларынын соттору тарабынан 2023-жылы 144 жеке аныктама мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка мекемелерге чыгарылган.


Кассациялык тартипте 2023-жылы 930 соттук актылар даттанылган болсо, ал эми 2022-жылы 671 соттук актылар даттанылган,  259 же 38,59% пайызга көп.


Жыйындын жүрүшүндө төраганын орун басарлары апелляциялык инстанцияда иштерди кароонун сапаты боюнча статистикалык талдоо беришти.