2023-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун санариптик технологиялар тармагындагы адистери соттордун кызматкерлери менен онлайн жолугушуу өткөрүштү.
Жогорку соттун адистери санариптик сот тутумундагы инновациялар тууралуу айтып беришти.
Өлкөнүн сотторунун аппаратынын кызматкерлери санариптик системаларды оптималдаштыруу боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.