KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Бүгүн, 2022-жылдын 12-августунда Аламүдүн райондук сотунун аппаратынын кызматкерлери кан донору болушту.

12 августа 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 12-августунда Аламүдүн райондук сотунун аппаратынын кызматкерлери Республикалык кан борборунда донор болушту.


Сот кызматкерлери кан донору болууну чечишти, анткени жайында бул материалга суроо-талап күчөйт – башка мезгилдерге караганда жаракат алуу коркунучу бир топ жогору жана үзгүлтүксүз кан тапшырган донорлордун көбү эс алууга кетишет. Ошондой эле социалдык тармактарда Республикалык кан борборунда кан жетишсиз болуп калуу коркунучунан улам донордуктун бул түрү боюнча кайрылуулар көбөйдү.


Кан тапшыруу үчүн балдар эки күн атайын диета кармашкан жана донордукка чейин тонзиллит жана сасык тумоо сыяктуу оорулардан улам мүмкүн болгон чектөөлөр текшерилген – бул оорулардан жабыркагандан кийин бир айдан кийин гана кан тапшырууга болот.


Кан тапшыргандан кийин Аламүдүн райондук сотунун кызматкерлери өздөрүн жакшы сезип, башка потенциалдуу донорлорго үлгү болооруна ишенишет.




Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байгазинов Б.