KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Нооруз майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

18 марта 2023

2023-жылдын 18-мартында Чүй облусунун сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.


Чүй облусунун Сокулук райондук соту Нооруз майрамына — астрономиялык күн календары боюнча жаз күнүнө карата турнир уюштурду.


Бардык командалар жакшы даярданышып, дээрлик бирдей деңгээлде күрөшүштү.


Биринчи орунду Чуй облустук сотунун командасы ээледи. Экинчи орун Москва райондук сотунун командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орунду Аламүдүн райондук соту ээледи.


Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык командаларга келечектеги турнирлерде ийгилик каалайбыз!