KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Ата райондук сотунда онлайн сурак өттү

02 марта 2023

2023-жылдын 2-мартында Чүй облусунун Ыссык-Ата райондук сотунда Америка Кошмо Штаттарында жүргөн жабырлануучу жана күбөнүн катышуусу менен кылмыш иши каралды. Жабырлануучу жана күбө Кыргыз Республикасынын жарандары, бирок чет мамлекеттин аймагында убактылуу жашап турушат. Судья онлайн сурак жүргүзүүнү чечти. Бул кылмыш иши боюнча сот процессинде сурак видеоконференц байланыш аркылуу жүргүзүлдү. Эки өлкөнүн ортосундагы видео-көпүрөнү ишке ашырууга КР Жогорку сотунун эл аралык бөлүмүнүн адистери жардам көрсөтүштү. Видео суракка байланыштуу бул ишти кароо убактысы бир топ кыскарган, жабырлануучунун жана күбөнүн Кыргыз Республикасына келүүсүнүн зарылчылыгы болгон эмес, муну менен алардын финансылык чыгымдары кыскарган.


Эл аралык онлайн сурактарды өткөрүү практикасы жаңы эмес, мисалы, 2022-жылдын 19-августунда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Казакстандын аймагында жайгашкан сот процессинин катышуучусун онлайн режиминде суракка алуу жүргүзүлгөн.