KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз тили жана Айтматов ааламы.

04 декабря 2023

2023-жылдын 02-декабрында Аламүдүн райондук С.Чокморов атындагы маданият үйүндө Чуй облусунун соттору тарабынан даярдалган иш-чара болуп өттү. Иш-чара  Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин уч айлыгын жарыялангандыгына байланыштуу өткөрүлдү. Аталган иш-чарада сот кызматкерлери тарабынан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр, театралдаштырылган ойун-зоок, кыргыз тили жөнүндө монологдор, ырлар көркөм окулду, ошондой эле Ата-Мекен, эне тил жөнүндө обондуу ырлар аткарылды. Иш-чарага конок катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чуй облусунун башкармалыгынын башчысынын . өкүлдөрү катышышты.