Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чүй облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Майрамдын алдында 30-август күнү Чүй облустук сотунун төрагасы К.Эсекеев соттун аппаратында өзгөчөлөнгөн кызматкерлердин эмгегин баалап, аларга Ардак грамоталарды тапшырды.
Төрага мындан аркы эмгекте жана турмуш жолунда ийгиликтерди каалады.