Бүгүн, 2022-жылдын 27-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Турнирге Чүй облусунун дээрлик бардык сотторунун командалары жана Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын командасы катышты. Биринчи орунду Чүй облустук сотунун командасы жеңип алды! Экинчи орунду Москва райондук сотунун командасы, үчүнчү орунду Жайыл райондук соту ээледи! Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктайбыз. Мини-футбол боюнча турнирлерди уюштуруу көптөн бери келе жаткан салт болуп саналат жана спортту кеңири жайылтууга жана соттордун командаларын бириктирүүгө багытталган!