KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

2022-жылдын 5-6-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Чүй облусунун сотторунун иши менен таанышты.

06 июля 2022

2022-жылдын 5-июлунан 6-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунун сотторунун иши менен таанышты.


Иш сапарынын алкагында Замирбек Базарбеков Чүй облусунун райондук сотторунда, Чүй облустук административдик сотунда жана Чүй облустук сотунда болду.


Иш сапардын соңунда Замирбек Базарбеков Чүй облусунун сотторунун төрагалары, судьялары жана Чүй облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы иш сапарынын жүрүшүндө аныкталган Чүй облусунун сотторунун ишиндеги кемчиликтерге токтолду.

Ошондой эле соттордун ишинин сапатын жогорулатуу, иштерди жана соттук материалдарды өз убагында кароо зарылдыгын өзүнчө белгиледи. Ал өзүнчө сот тутумунда иш кагаздарын жүргүзүүнү санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан соттук отурумдарды аудио-видео жазуу жана АИС сот тутумдары менен иштөөнү белгиледи. “Сот реформасынын алкагында сапаттуу иштөөгө өтүүгө мезгил келди”, — деди ал сөзүнүн аягында.




Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байгазинов Б.